2015-02-07 08:42:51 57
2015-жылдын 6-февралында эл аралык мамилелер факультеттинде окутуучулук-профессордук курам үчүн "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн мазмунун реформалоо: учурдагы абал, татаалдыктар, милдеттер" аттуу семинар болуп өттү. Анда баяндамачы катары ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору М.Алтыбаева чыгып сүйлөдү. Семинарда Болон системасына өтүү маселелери каралып, жандуу суроолор жана кызуу талкуу менен коштолду.