2015-02-10 08:46:22 59
2015-жылдын 7-февралында эл аралык мамилелер факультетинде университеттин ректору, профессор К.Исаков эмгек жамааты менен жолугушту. Анда ректор университетте аткарылып жаткан иштер жана алдыда пландаштырылган иш-аракеттер боюнча чыгып сүйлөдү. Андан кийин факультеттин деканы, профессор А.Низамиев акыркы 3 жылда факультетте аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Окутуучулар тарабынан суроолор берилип, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында ректор кайсы жамаатта болбосун пайдалуу, азыркы заман талабына жооп берген, жалпылыктын кызыкчылыгына дал келген идеялар, демилгелер болсо, сөзсүз түрдө моралдык жана материалдык жактан колдоорун баса белгилеп өттү.