ЭМФ-ФМО: Борбордук Азия жерди колдонмо изилдөөлөр институту - биздин өнөктөш

2015-02-11 17:44:20 58

Ош мамлекеттик университетинин жана Борбордук Азия жерди колдонмо изилдөөлөр институтунун ортосунда илимий-билим берүү боюнча генералдык келишим түзүлдү (2014-жылдын 24-декабры). Аталган келишим боюнча ОшМУдан эл аралык мамилелер факультети, ал эми институттан потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык бөлүмү иш алып барат. Максаты: илим жана билим берүү багытындагы маалыматтар менен алмашуу, илимий кызматкерлер менен алмашуу, билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү максатында биргелешкен изилдөөлөрдү жана жолугушууларды өткөрүү. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн "аймак таануу", "география" жана "туризм" багыттары боюнча билим алып жаткан студенттер жана магистранттар тартылат.