2015-02-16 11:46:09 64
2015-жылдын 13-февралында эл аралык мамилелер факультетинде студенттер жана окутуучулар жамаатынын катышуусу менен "Сүйүү: сезим, акча, бийлик" аттуу дискуссия болуп өттү. Максаты: жаштарды "арзан" сүйүүдөн качыруу, Валентин күнүн белгилөөнүн терс жактарын түшүндүрүү, Ата мекенди, эл-жерди, ата-энени сүйүүгө үндөө. Бул иш-чарага КР Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министрликтин Ош областы боюнча бөлүмүнүн башкы адиси (факультеттин бүтүрүүчүсү) Эрмаматов Н., Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Досматов К., массалык маалымат каражаттарынан "ОшТВ", "БашатТВ" телеканалдары, "Ош шамы" газетасынан катышышты.