2015-02-24 13:47:20 56
2015-жылдын 20-февралында эл аралык мамилелер факультетинде 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Бүгүнкү кыргыз армиясы: абалы жана келечеги" аттуу дискуссия болуп өттү. Ага КР Куралдуу күчтөрүнөн подполковник Ырысбаев А.К., майор Тагаев А.М., лейтенант Суранбаев У.С. катышты. Адегенде аскер адамдары азыркы аскерий проблемалар жөнүндө кызыктуу баян куруп беришти. Андан кийин суроо-жооптор болду.