ЭМФ жана КР Улуттук кызыл ай коому менен биргеликте КВН уюштурулду

2015-04-01 17:29:08 54

2015-жылдын 1-апрелинде эл аралык мамилелер факультетинде "Международное гуманитарное право, гуманитарные ценности" деген аталышта II,III жана IV курстар арасында КВН болуп өттү. Конкурска Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун Ош областтык өкүлчүлүгүнөн директордун орун басары А.Сабиров, юристи С.Махмудов жана тренер-консультант У.Канат уулу чакырылып, калыстар тобунун курамында иштешти. Жыйынтыгында 1-орунду алган "Волонтеры ФМО" командасы диплом менен сыйланды. КВН аталган уюмдун демилгеси менен эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу Г.Даниярова тарабынан уюштурулду.