2015-04-13 12:38:35 55
2015-жылдын 9-апрелинде ЭМФнин деканы А.Низамиев Жалал-Абад шаарында Экономика жана ишкердик университетинде Улуттук экономиканы өнүктүрүү жылына арналып өткөрүлгөн "Проблемы предпринимательства и пути их решения глазами современной молодежи" аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышты. Анда ал "Культура и история как основа развития предпринимательства в туризме" аттуу секциясын алып барды. ОшМУдан "туризм" багыты боюнча магистрлер Абдимажитова К.А., Ибрагимова Р.С., Мухтарали кызы Б. илимий баяндамалары менен чыгышты. Жыйынтыгында Мухтарали кызы Б. II даражадагы, Абдимажитова К.А. III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.