2015-09-22 14:28:09 56
2015-жылдын 22-сентябрында эл аралык мамилелер факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата окутуучу-профессордук курамдын жана студенттердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ал кыргыз тили окутуучусу Темирова Венеранын жетекчилиги астында 1-курстун студенттери тарабынан зор кызыгуу менен уюштурулду. Иш-чарада мамлекеттик тилдин мааниси, бүгүнкү күндөгү абалы жана мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттер жөнүндө сөз болду. Албетте, аталган иш-чара шаңдуу ыр-бийлер, көркөм окуулар жана сахналык аткаруулар менен коштолду.