2015-10-28 10:41:59 57
Эл аралык мамилелер факультетинде студенттердин билим сапатынын жана сапатты жогорулатуу иштеринин абалы жөнүндө МААЛЫМАТ 221015 1.Факультеттин кыскача тарыхы жана ишмердүүлүгү Эл аралык мамилелер факультети – Ош мамлекеттик университетинин жаш факультеттеринин бири. 2000-жылы (19.06.00, №12) эл аралык билим берүүнү интеграциялоо факультети деп ачылган. Мындай жаңы багыттагы факультеттин ачылышы эгемендүү Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк ко-омчулукка кирүүсү менен эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жогорку ква-лификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгы менен байланышкан. Университеттеги түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу 2006-жылы фа-культет эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат факультети болуп кайра түзүлгөн жана анын курамына тиешелүү адистиктери менен «мамлекет-тик жана муниципалдык башкаруу» жана «социалдык иш» кафедралары кир-ген. 2010-жылы факультет жабылып, анын негизги «эл аралык мамилелер» жана «аймак таануу» кафедралары дүйнөлүк тилдер факультетине бирикти-рилген. 2011-жылы университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин (26.08.11, №1) жана ректордун буйругунун (26.08.11, №296) негизинде фа-культет «эл аралык мамилелер» деген аталышта кайра ачылган. Факультет өз ишмердүүлүгүн КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, жогорку билим берүү боюнча башка укуктук-ченемдик актыларга, ОшМУнун Уставына жана башка жоболоруна ылайык жүргүзөт. Факультеттеги окуу, илимий жана тарбиялык-коомдук иштер төмөнкү структуралык түзүлүштө жана тиешелүү кызматтагы жетекчилер менен алы-нып барылат (1-табл.). 1-таблица Эл аралык мамилелер факультетинин ишмердүүлүгүн башкаруу структурасы № Кызмат орду Штаттык бирдик Ээлеген кызматкер 1 Декан 1 Низамиев А.Г. 2 Декандын окуу иштери боюнча орун басары 0,33 Кыдырмышева Б.Т. 3 Декандын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары 0,33 Ибраимова С.С. 4 Декандын тарбиялык иштер жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары 0,33 Бөтөнөев Ж.С. 5 Эл аралык мамилелер кафедрасы 1 Султанова К.Ж. 6 Аймак таануу кафедрасы 1 Акматова Д.А. 7 Катчы-референт 1 Абдрахманова Т. 8 Усулчу (методист) 1 Айтыкулова Б.М. 9 Практика боюнча жетекчи 1 Бабакулова Р. 10 Усулдук кеңештин төрайымы 1 Нурдинова К.Х. 11 Кесиптик кошундун жана аялдар кеңешинин төрайымы коомдук башталыш-та Кутушева Н.Т. 2.Деканаттын ишмердүүлүгү Факультетти г.и.д., профессор Низамиев А.Г. жетектейт. Деканаттын ишмердүүлүгү 58 папкадан турган иш кагаздарынын номенклатурасында чагылдырылган. Аларда факультеттин паспорту, жылдык иш пландары, окуу пландары, жумушчу окуу пландары, семестрдик окуу пландары, рек-тораттан келген буйруктар, факультеттин илимий – изилдөө, тарбиялык иштери боюнча ж.б. документтер үчүн өзүнчө папкалар ачылган. Ошондой эле студенттердин кыймылы боюнча ар бир окуу жылына атайын папка-лар, тиркемелер бар. Факультеттин жарым жылдыктар жана окуу жылдарынын жыйынты-гы боюнча даярдаган отчеттору тиешелүү папкаларга тиркелип сакталган. Деканаттын жана окумуштуулар кенешинин иш пландары ар бир окуу жылына түзүлүп бекитилген. Факультеттин Окумуштуулар кенешинин иш планы факультеттеги жана кафедралардагы окуу-усулдук, окуу-методикалык, тарбиялык иштердин актуалдуу багыттарын камтыган. Ми-салы, 2014-15-окуу жылында Окумуштуулар кеңешинин жыйындарында окутуунун сапаты, университеттин, факультеттин Окумуштуулар кенеш-теринде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, ж.б.у.с. маселелер күн тартибине коюлуп, атайын токтомдор кабыл алынган. Ошондой эле кафед-ралардын окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштеринин аба-лы тууралуу, окуу-педагогикалык, өндүрүштүк, мамлекеттик практикалар-ды өткөрүү тууралуу маселелер да Окумуштуулар кенешинин иш планына киргизилген. Факультеттин Окумуштуулар кенешинин жыйындарынын материал-дары канааттандырарлык абалда жана талапка жооп берет. Факультетте ар дүйшөмбү күнү апталык жыйын болуп өтөт. Жыйынга кафедра башчылары, декандын орун басарлары, түзүмдөрдүн жетекчилери катышат. Жыйында ректораттын административдик кенешмесинде карал-ган маселелер тууралуу маалымат жеткирилип, аларды аткаруу мөөнөтү белгиленет, ошондой эле факультеттин бир жумалык ишинин жыйынтыгы чыгарылып, талкууланат. Жыйынтыктап айтканда, деканаттын ишмердүүлүгүн канааттанды-рарлык абалда жана талапка жооп берет десек болот. 2.Профессордук-окутуучулук курамы 2014-15-окуу жылында факультетте окуу, илимий жана тарбия процесс-терин 24 штаттык бирдиктеги профессордук-окутуучулук курам ишке ашыр-ган (2-табл.). Алардын ичинен 1 илимдин доктору, профессор (Низамиев А.Г.), 8 илимдин кандидаттары, доценттери (Абазбек уулу Р., Акматова Д.А., Бөтөнөев Ж.С., Джанибекова В.Б., Ибрагимова С.С., Нурдинова К.Х., Сулай-манов Ж.М., Султанова К.Ж.) бөлүп көрсөтүүгө болот. Профессордук-окутуучулук курамдын факультет боюнча сапаттык көрсөткүчү 37%ды түзөт. 2-таблица Эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Кафедра Илимдин доктору Илимдин кандидаты Ага окутуу-чу Окутуучу Сапаттык көрсөткүч Эл аралык мамилелер - 5 3 4 42% Аймак таануу 1 3 2 6 33% Баары 1 8 5 10 37% Профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү боюнча фа-культет университетте алдыңкы орундарды ээлейт. Бирок акыркы кандидат-тык жактоо 2011-жылы (Ибраимова С.С.) болгон жана жакынкы арада дис-сертациялык иши менен коргоого чыга турган изденүүчү жок болгондуктан бул жаатта ишти күчөтүү турат. 3. Студенттердин контингенти Факультет студенттердин саны боюнча чакан структураларга кирет. Бул факультеттин билим берүү жаатындагы өзгөчөлүгүнө жараша десек болот: бардык студенттер келишимдик негизде билим алышат, сырттан окуу карал-ган эмес. Ошондой эле мамлекетибиздин тышкы ишмердүүлүгүнүн чектүү-лүгүн жана эмгек рыногунда аз суроо-талаптын болушун эске алуу менен эл аралык чөйрөгө багытталган адистерди ашыгы менен даярдоонун зарылдыгы жок. 3-таблицада факультеттин студенттеринин контингенти акыркы 5 жыл-дыкка берилди. 3-таблица Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери боюнча маалымат Адистиктер 2011-12 2012-13 2013-14 2014-15 Эл аралык мамиле-лер 176 182 182 153 Аймак таануу 195 231 171 167 Баары 371 413 353 320 Белгилеп кетүүчү жагдай, 2015-16-окуу жылына студенттерди кабыл алууда былтыркы жылга салыштырмалуу 42%га көп алынган, б.а., 117 сту-дент 1-курска кабыл алынган. Текшерүү мезгилинде студенттердин сабакка катышуусу 72-78%ды көр-сөттү. Катышуу деканат тарабынан атайын журналда күн сайын текшерилет. Буга чейин факультетте Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жа-рандары билим алышкан. Азыркы мезгилде Тажикстандын 4, Кореянын 1 жараны билим алышат. 4.Кафедралардын ишмердүүлүгү Факультетте окуу, окуу-усулдук, илимий жана тарбия иштерин 2 кафед-ра алып барат: 1.Эл аралык мамилелер кафедрасы (башчысы, ф.и.к., доцент Султанова К.Ж.); 2.Аймак таануу кафедрасы (башчысы, ф.и.к., доцент Акматова Д.А.). Аталган кафедралар иш-аракетин бекитилген иш-план боюнча алып ба-рып, тиешелүү адистиктеги студенттердин окуу жана тарбиялык процессин камсыздайт, окутуучуларды жана студенттерди тартуу менен илимий иштер-ди алып барышат. Эл аралык мамилелер кафедрасын ф.и.к., доцент Султанова К.Дж. жетектейт. Кафедра “эл аралык мамилелер” багытындагы бакалавр жана “саясат таануу” багытындагы магистрлерди даярдайт. Кафедранын ишмердүүлүгү бакалавриат боюнча 34 папкадан, магистра-тура боюнча 18 папкадан турган иш кагаздарынын номенклатурасында ча-гылдырылган. Анда кафедранын паспорту, иш планы, отурумдардын иш планы, протоколдору, перспективалык иш планы, окуу пландары, жумушчу окуу пландары, ректораттан келген буйруктар, кафедранын илимий-методикалык жана илимий-теориялык семинарларынын иш пландары, тар-биялык иштери боюнча план, ж.б. документтер үчүн өзүнчө папкалар ачыл-ган. Мындан сырткары профессордук-окутуучулук курамдын ар биринин өз-дүк папкалары бар. Кафедранын жарым жылдыктар жана окуу жылдарынын жыйынтыгы боюнча даярдаган отчеттору тиешелүү папкаларга тиркелип сакталган. Кафедранын иш планында жана отурумдарынын планында кафедрадагы окуу-методикалык, илимий-изилдөө, тарбиялык жана коомдук иштердин ак-туалдуу багыттары камтыган. Маселен, 2014-15-окуу жылында кафедранын отурумдарында “Компетенттүүлүк мамиленин билимдин сапатын жогорула-туудагы ролу жөнүндө”, “Эки баскычтуу окутуу системасында магистрант-тарды даярдоонун өзгөчөлүктөрү”, “Предметтер боюнча модулдардын өткө-рүлүшүнүн сапаты жөнүндө”, “Окутуунун кредиттик системасында студент-тердин өз алдынча иштеринин уюштурулушу жөнүндө” ж.б. маселелер күн тартибине коюлуп, атайын токтомдор кабыл алынган. Ошондой эле кафедра-нын окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштеринин абалы туу-ралуу, окуу-таанышуу, өндүрүштүк, диплом алдындагы практикаларды уюш-туруу тууралуу маселелер да кафедранын иш планына киргизилген. Кафед-ранын отурумдарынын материалдары канааттандырарлык абалда жана та-лапка жооп берет, ал эми протоколдору тиешелүү папкага тиркелген. Кафедрада эл аралык, саясий дисциплиналар жана негизги англис тили боюнча сабактар өтүлөт. Бардык предметтер боюнча жумушчу программалар (№11 бюллетендин талаптары боюнча) жана силлабустар (№19 бюллетендин талаптары боюнча) түзүлгөн. Ал программаларда жана силлабустарда кур-стун максаты, технологиялык карта, компетенциялар картасы, окутуунун на-тыйжалары, лекциялык жана практикалык сабактардын пландары, аралык жана рубеждик текшерүүлөрдүн, жыйынтык экзамендердин суроолору жана тесттери, студенттердин өз алдынча иштөөлөрүүн суроолору жана текшеруу формалары, баалоонун критерийлери, курстун политикасы, окуу-методикалык каражаттары камтылган. Жумушчу программалар жана силла-бустар атайын папкага тиркелген. Ал эми ар бир окутуучунун дисциплиналар боюнча ОМКсы папкаларга тиркелген. Көпчүлүк ОМКда лекциялык материалдар жана практикалык са-бактардын иштелмери, СӨАИнин, курстук жана дипломдук иштердин мето-дикалык көрсөтмөлөрү тиркелген, бирок толугу менен эмес. Жетишпеген ма-териалдардын үстүнөн иш жүргүзүлүп жатат. ОМКларды АVNге киргизүү боюнча иштер кафедранын алдында турат. Өз ара сабактарга катышуу кафедрада традицияга айланган. Окуу жыл-дын башында өз ара сабактарга катышуунун графиги кафедранын жыйы-нында бекитилет. Ар бир окутуучу бир айда 2-4 сабакка катышат жана каты-шуу боюнча атайын баракча толтурат. Ал баракчада катышкан сабак боюнча анализ берилет. 2014-15- окуу жылы ичинде апрель айында кафедранын отурумунда «Өз ара сабакка катышуулардын эффективтүүлүгү жөнүндө» де-ген маселе каралган (протокол №7, 28.04.15). Кафедранын чечими менен окутуучулар өз ара сабакка катышууну мындан ары активтештирүүгө мил-деттендирилген. Ачык сабактарды өткөрүү боюнча кафедра активдүү иш алып барат. Ка-федранын окуу жылдык иш планына ар бир айга 3-4 окутуучунун ачык са-бактарын талкулоо киргизилген. Эреже катары ар бир окутуучу 1 семестрде 1 ачык сабак өтөт. Ачык сабактардын план-проспектилери рецензиялары ме-нен кафедрада атайын папкага тиркелген. Бардык ачык сабактар жаны тех-нологияларды, көрсөтмө куралдарды пайдалануу менен өткөрүлөт. Бирок, факультетте техникалык каражаттар жетишпейт. Кафедранын окутуучулары бир нече жолу университетте өткөрүлгөн «ОшМУнун мыкты лектору» деген конкурска катышат. Мисалы, профессор Нурдинова К.Х., доцент Абазбек уулу Р. аталган конкурстарда 1-орундардарга ээ болушкан. Кафедрада лекциялык жана практикалык сабактардын электрондук вер-сияларын иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат, бирок бардык сабак-тар боюнча иштелип чыга элек. Быйылкы окуу жылында элекрондук лекция-лар жана практикалык сабактардын иштелмелери толугу менен иштелип чы-гышы пландаштырууда. Бардык дисциплинар боюнча СӨАИнин сааттары жана текшерүү форма-лары жумушчу программаларында көрсөтүлгөн. СӨАИ ар түрдүү формалар-да уюштурулат: реферат, доклад, аналитикалык кат, эссе, контролдук иш, тесттер ж.б. Азыркы учурда эл аралык мамилелер кафедрасында илимий-изилдөө иштери “Кыргыз Республикасынын коомдук турмушунун социалдык-саясий жана философиялык аспектилери” деген темада жүргүзүлүп келе жатат. Бул багыт боюнча акыркы 5 жыл ичинде 3 кандидаттык диссертация жакталды (Султанова К.Дж., Ботоноев Ж.С., Абазбек уулу Р. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын натыйжасында “Улуттук Кызыл Ай Коому” Коомдук бирикмесинин Ош областтык өкүлчүлүгү тара-бынан эл аралык мамилелер кафедрасына Эл аралык укук жана эл аралык гуманитардык укук боюнча 300 АКШ долларынын өлчөмүндө окуу-илимий китептер, методикалык колдонмолор белекке тартууланды. Эл аралык мамилелер кафедрасынын ОП курамы эл аралык байланыш-тарга чыгуу боюнча артыкчылыкка ээ. Кафедранын окутуучулары эл аралык конференцияларга, программаларга, семинарларга, долбоорлорго катышып, алыскы чет өлкөлөрдүн окуу жайларында стажировкадан өтүп турушат. Ал-сак, Эл аралык CARTI (Central Asia research training initiative) программа-сы боюнча окутуучу Кыдырмышева Б.Т. Англиянын Манчестер, Казахстан-дын Алматы (2011-ж.); Абазбек уулу Р. Венгриянын Будапешт, Турция-нын Стамбул жана Измир (2011-ж.), Бөтөнөев Ж. Турциянын Измир (2014-ж.) шаарларындагы алдыңкы университеттеринде илимий стажировкадан өтүп келишкен. Ошондой эле кафедра тарабынан башка жогорку окуу жайлардын оку-муштууларын чакыруу менен студенттерге лекцияларды уюштуруу жагы жолго коюлган. Алсак, 2014-2015-окуу жылынын 15-апрелинде Борбордук Азиядагы Америка Университетинин тарбия иштери боюнча деканы Шуль-гин Н.Г. студенттер үчүн “Биз биргебиз” көп түрдүүлүк жумалыгын уюшту-руу боюнча мастер-класс өттү. Кыргыз-түрк Манас университетинин эл ара-лык мамилелер бөлүмүнүн профессору Яшар Бей азыркы учурдагы эл аралык проблемалар боюнча лекция окуду. 2015-жылдын 14-майында “Юз оф Ош” коомдук уюмунун колдоосу менен Борбордук Азиядагы Америка Универси-тетинин антропология кафедрасынын доценти Насритдинов Эмиль миграция, дин жана урбанистика багытында студенттерге кызыктуу лекция окуп берди. Ошондой эле Кыргызстандагы къп маданияттуулукка үйрөтүү боюнча экс-перт Лидия Шульгина окутуучулар үчүн “Распространение лучших практик проведения недели многообразия в вузах Кыргызстана” деген темада 2 күн-дүк семинар тренинг өткөрдү. Бул семинарга ОшМУ, ОшТУ, ОМСУнин оку-туучулары катышып, сертификатка ээ болушту. ЭАМ кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы өзүнүн квалифика-циясын жогорулатуу боюнча да активдуу иш алып барат. Акыркы 5 жылда кафедранын окутуучулары бир катар чет өлкөлөрдө түрдүү курстарда окуп, проекттерде жана семинарларда катышып, стажировкаларда болуп келиш-ти. Мисалы, Султанова К.Дж. – 7 семинар, курстардан ъткън, анын ичинде Кыргызстан, Кытай, Абазбек уулу Р. - 6 семинар, курс, жайкы мектептерде окуган, анын ичинде Кыргызстан, Турция, Россия, Кыдырмышева Б. – 3 се-минар, курстарда, Кытайда, Кыргызстанда, Азимова Ж. – 1, Акматова Ж. – 3, Даниярова Г. – 2, Акматов С. – 1, Сапарбаева А. – 2. Ошондой эле, калган окутуучулар өзүнүн квалификациясын ОшМУда жана башка окуу жайла-рында өткөрүлгөн семинар, курстарда жогорулаткан. Аймак таануу кафедрасы 531500 “аймак таануу” (чыгыш өлкөлөрү) боюнча бакалавр адистигин даярдайт. Адистик боюнча билим берүү жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты, КР “Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана билим берүү тармагындагы башка норма-тивдик актыларына ылайык жүргүзүлөт. Негизги билим берүү программасы иштелип чыккан. Аймак таануу кафедрасын ф.и.к., доцент Акматова Д.А. жетектейт. Ка-федра “Аймак таануу” багытындагы бакалавр жана “Аймак таануу” багы-тындагы магистрлерди даярдайт. Кафедранын ишмердүүлүгү бакалавриат боюнча 32 папкадан, магистра-тура боюнча 18 папкадан турган иш кагаздарынын номенклатурасында ча-гылдырылган. Анда кафедранын паспорту, иш планы, отурумдардын иш планы, протоколдору, перспективалык иш планы, окуу пландары, жумушчу окуу пландары, ректораттан келген буйруктар, кафедранын илимий-методикалык жана илимий-теориялык семинарларынын иш пландары, тар-биялык иштери боюнча план, ж.б. документтер үчүн өзүнчө папкалар ачыл-ган. Мындан сырткары профессордук-окутуучулук курамдын ар биринин өз-дүк папкалары бар. Кафедранын жарым жылдыктар жана окуу жылдарынын жыйынтыгы боюнча даярдаган отчеттору тиешелүү папкаларга тиркелип сакталган. Кафедранын иш планында жана отурумдарынын планында кафедрадагы окуу-методикалык, илимий-изилдөө, тарбиялык жана коомдук иштердин ак-туалдуу багыттары камтыган. Ошондой эле кафедранын окуу-усулдук, или-мий-изилдөө жана тарбиялык иштеринин абалы тууралуу, окуу-таанышуу, өндүрүштүк, диплом алдындагы практикаларды уюштуруу тууралуу маселе-лер да кафедранын иш планына киргизилген. Кафедранын отурумдарынын материалдары канааттандырарлык абалда жана талапка жооп берет, ал эми протоколдору тиешелүү папкага тиркелген. Кафедрада аймак таануу, эл аралык дисциплиналар жана негизги чыгыш тилдери боюнча сабактар өтүлөт. Бардык предметтер боюнча жумушчу прог-раммалар (№11 бюллетендин талаптары боюнча) жана силлабустар (№19 бюллетендин талаптары боюнча) түзүлгөн. Ал программаларда жана силла-бустарда курстун максаты, технологиялык карта, компетенциялар картасы, окутуунун натыйжалары, лекциялык жана практикалык сабактардын планда-ры, аралык жана рубеждик текшерүүлөрдүн, жыйынтык экзамендердин су-роолору жана тесттери, студенттердин өз алдынча иштөөлөрүүн суроолору жана текшеруу формалары, баалоонун критерийлери, курстун политикасы, окуу-методикалык каражаттары камтылган. Жумушчу программалар жана силлабустар атайын папкага тиркелген. Ал эми ар бир окутуучунун дисциплиналар боюнча ОМКсы папкаларга тиркелген. Көпчүлүк ОМКда лекциялык материалдар жана практикалык са-бактардын иштелмери, СӨАИнин, курстук жана дипломдук иштердин мето-дикалык көрсөтмөлөрү тиркелген, бирок толугу менен эмес. Жетишпеген ма-териалдардын үстүнөн иш жүргүзүлүп жатат. Окуу жылдын башында өз ара сабактарга катышуунун графиги кафед-ранын жыйынында бекитилет. Ар бир окутуучу бир айда 2 сабакка катышат жана катышуу боюнча атайын баракча толтурат. Ал баракчада катышкан са-бак боюнча анализ берилет. Кафедранын чечими менен окутуучулар өз ара сабакка катышууну мындан ары активтештирүүгө милдеттендирилген. Ачык сабактарды өткөрүү боюнча кафедра активдүү иш алып барат. Кафедранын окуу жылдык иш планына ар бир айга 3-4 окутуучунун ачык са-бактарын талкулоо киргизилген. Эреже катары ар бир окутуучу 1 семестрде 1 ачык сабак өтөт. Ачык сабактардын план-проспектилери рецензиялары ме-нен кафедрада атайын папкага тиркелген. Бардык ачык сабактар жаны тех-нологияларды, көрсөтмө куралдарды пайдалануу менен өткөрүлөт. Кафедранын окутуучулары бир нече жолу университетте өткөрүлгөн «ОшМУнун мыкты окутуучусу» деген конкурска катышат. Мисалы, улук окутуучу Эсеналиева А. 2-орунга (2012-2013-окуу жылы) жана окутуучу Култаев А. 3-орунга (2014-2015-окуу жылы ) ээ болушкан. Бардык дисциплинар боюнча СӨАИнин сааттары жана текшерүү фор-малары жумушчу программаларында көрсөтүлгөн. СӨАИ ар түрдүү форма-ларда уюштурулат: реферат, доклад, аналитикалык кат, эссе, контролдук иш, тесттер ж.б. Азыркы учурда эл аралык мамилелер кафедрасында илимий-изилдөө иштери “Дүйнө мамлекеттеринин социалдык-экономикалык, саясий өнүгүү-сүнүн аймактык аспектилери” деген темада жүргүзүлүп келе жатат. Аймак таануу кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы өзүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча да активдүү иш алып барат. Акыр-кы 5 жылда кафедранын окутуучулары бир катар чет өлкөлөрдө түрдүү курстарда окуп, проекттерде жана семинарларда катышып, стажировка-ларда болуп келишти. Мисалы, Акматова Д.А. – семинар, курстардан ъткън, анын ичинде Кыргызстан, Кытай, Сулайманов Ж.М. - семинар, курс, жайкы мектептерде окуган, анын ичинде Кыргызстан, Канада, Украина, Ибраимова С. – семинар, курстарда, Кыргызстанда, Иран, Украина, Эсеналиева А. – Японияда, Бабакулова Р. – Кытай, Кыргызстан, Култаев А. – Кытай, Кыргыз-стан, жана башкалар. Ошондой эле, калган окутуучулар өзүнүн квалифика-циясын ОшМУда жана башка окуу жайларында өткөрүлгөн семинар, курс-тарда жогорулаткан. Мындан сырткары аймак таануу кафедрасынын башчысынын жана баш-ка окутуучулардын макалалары жарык көрдү: Акматова Д.А., Алымбекова В., Эсеналиева А. “Некоторые особенности кыргызского обычного права и правосознания канун вхождения Кыргызстана в состав Российской империи” Институт философии и политико-правовых исследований, Национальная академия наук КР, Бишкек – 2013, Гуманитар-ные проблемы современности Выпуск 17 Акматова Д.А., Эсеналиева А.Д. «О первоначальном этапе трансформа-ции правосознания кыргызов» Институт философии и политико-правовых исследований, Национальная академия наук КР, Бишкек – 2013, Гуманитар-ные проблемы современности Выпуск 17. Кафедранын доценти Ибраимованын С.С. “ Историко-культурные ас-пекты межэтнических конфликтов (политологический анализ событий 1990 и 2010 гг.) аттуу монографиясы жана “ Из истории кыргызско-узбекских конф-ликтов” атту макаласы Вестник Южного отделения НАН КР, № 2. 2013-ж. басмадан чыкты. Кафедранын улук окутуучусу Эсеналиева А.Д. 2013 –ж. Кыргызчы-япончо-орусча сөздүгүн чыгарды. Доцент Сулайманов Ж.М. 2014-ж. сентябрь-октябрь айларында Алмата-дагы Казак улуттук китепкнасында илимий ишин жургузуп натыйжасын Ка-зак эл аралык университетинде “ Кыргызстандагы улуттук тузулуу” деген темада презентациялады. Азыркы учурда дагы озунун илимий багы боюнча иш жүргүзүүдө. 5. Модулдук-рейтинг системасы, студенттердин билим сапаты Модулдук-рейтинг система факультетке 2012-жылдан баштап киргизил-ген. Бардык дисциплиналар модулдук-рейтингдик системанын негизинде окутулуп жатат жана студенттердин билими модулдук-рейтингдик система-нын негизинде текшерилет. Бардык предметтер боюнча модулдук-рейтингдик системанын технологиялык картасы түзүлгөн. Модулдар ар бир курстун ар бир тайпасында график боюнча алынат. Модулдун графиги окуу-информациялык департамент тарабынан бекитилет. Ар бир окутуучу модул-дарды тесттик материалдар менен алат. Модулдар үчүн түзүлгөн тесттер ка-федралардын отурумунда талкууланып бекитилет. Модулдардын, ЖТнын, АТнын жыйынтыктары тайпалык журналдарга, AVN ге түшүрүлөт. Сабактардын ведомосттору ар бир тайпа боюнча өзүнчө папкаларга тир-келген. Жаны окуу жылындагы кышкы сессиянын жыйынтыгы экзамендик-зачеттук ведомостторго ылайык ар бир тайпа боюнча AVN системасына кир-гизилген. Бүгүнкү күнү ведомосттор AVN информациялык системасынан чы-гарылып жатат. Студенттердин жетишүү журналдары толук толтурулган. Ар бир сессиянын жыйынтыгы чыгарылган. Окуудан четтетилген студенттерге буйрук номери коюлган. Студенттердин жетишүүсү УТ, АТ, ЖТ аркылуу бааланат, билимдин са-патын текшерүү максатында ар бир окуу жылынын аягында кафедралар та-рабынан жыйынтыкталат. Студенттердин сапаттык орточо жетишүүсү акыр-кы 5 жылдын жыйынтыгы боюнча 64% түзгөн. 2010-2011-окуу жылы 2011-2012-окуу жылы 2012-2013-окуу жылы 2013-2014-окуу жылы 2014-2015-окуу жылы Абсолюттук 87% 85% 81% 83,93% 79,5 Сапаттык 78% 77% 75% 76,06% 66,5 83% 81% 78% 80% 73% Зачеттук-экзамендик сынактардын графиги өз убагында түзүлүп, ректо-рат тарабынан бекитилет. Сынактык-зачеттук ведомосттор, жетишүү жур-налдары талапка ылайык толтурулган, алар тайпалар боюнча тиешелүү пап-каларда сакталат. Студенттердин зачеттук китепчелеринин толтурулушу окуу иштери боюнча декандын орун басары жана методист тарабынан көзө-мөлгө алынып турат. Бакалавр баскычында окуп жаткан студенттердин академиялык карызда-рын жоюу максатында жайкы семестр ующтуруу пландаштырылган, бирок карызы бар студенттердин саны аз болгондугуна байланыштуу ар бир сту-дент жеке график менен академиялык карызын тапшырат. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына тиеше-лүү материалдар деканатта өзүнчө папкага тиркелген, анда МАКтын жады-балы, МАКтын курамы, ведомосттордун көчүрмөлөрү ж.б.у.с. документтер камтылган. Ошондой эле кафедраларда да МА боюнча материалдар тиеше-лүү папкаларда турат. Мамлекеттик сынак тапшырылуучу предметтер боюн-ча тематикалык суроолор жыйнагы түзүлгөн жана мамлекеттик сынактар тактайында студенттер үчүн илинген. 7. AVN ИСнын абалы Факультетте AVN программасы менен иш алып баруунун абалы канаа-тандырарлык десек болот. Студенттердин жетишүү журналдарындагы маа-лымат AVN системасына толук кийирилген, экзамендик-зачеттук баалар AVN системасына толук түшүрүлгөн. Студенттердин контингенти, студент-тердин анкеталык маалыматтары, экзамен-зачеттордун графиги, окуу план-дары, кафедранын окуу жүктөмдөрү киргизилген. Азыркы убакытта сабактардын жадыбалы да электрондук түрдө AVN системасы аркылуу ишке ашып жатат. AVN ИС менен иштөө окуу процессти жеңилдеттүү жана оптималдаштырууга шарт түзүүдө. 8.Окуу-усулдук кеңештин ишинин негизги мазмуну Эл аралык мамилелер факультетинде белгилүү түрдө окуу-усулдук иш-тер жүргүзүлүүдө. Окуу-усулдук кеңешинин курамы декан тарабынан беки-тилген. Мындан сырткары факультетте эки кафедранын астында эки метод-секция иштейт. Ошондой эле кафедралардын астында ай сайын график боюнча эки методсеминарлар уюштурулат. Окуу жылдын башталышында факультеттин ОУКнин жана кафедралар-дын методсекцияларынын иш пландары, методсеминарлардын пландары, ачык сабактардын жана өз ара катышуулардын графиктери декан жана кафедралар тарабынан бекитилген. Бардык окуу-усулдук иштер ошол план-дардын негизинде жүргүзүлөт. Факультеттин ОУКнин акыркы 3 окуу жылдардын пландары декан тара-бынан бекитилген жана атайын папкага тиркелген. Ал эми 2015-2016-окуу жылынын планы талапка ылайык түзүлгөн. Ал планда уюштуруу, методика-лык иштери, окуу-нормативдик жана окуу-усулдук базаларды өркүндөтүү боюнча иш-чаралар, көзөмөл жана мониторинг иштери, окутуучулардын квалификациясын өркүндөтүү пландаштырылган. Белгилеп кете турган жер – пландын актуалдуулугу. Анда кредиттик технологиялар системасын киргизүү боюнча иштерди уюштуруу киргизил-ген, “саясат таануу” жана “аймак таануу” багытындагы магистратуранын окуу, жумушчу окуу пландарын иштеп чыгууда, багыт берүү (сентябрь 2015), силлабустарды талаптарга ылайык иштеп чыгуу, өздүк аттестация-лоо, аккредитацияга даярдык боюнча семинарлар пландаштырылган (ок-тябрь айына). Ошондой эле бакалавриаттын “эл аралык мамилелер” жана “аймак таа-нуу” адистиктеринин дипломдук иштери боюнча жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү (декабрь 2015), магистратуранын “саясат таануу” жана “аймак таануу” адистиктеринин магистрдик диссертациялары боюнча жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү (декабрь 2015) пландаштырылган. Методикалык иштерди өркүндөтүү максатында салтка айланган графиктер боюнча ачык сабактарды жана өз ара сабактарга катышууну уюштуруу, “Мыкты ОМК”, “ОшМУнун мыкты лектору” жана “ОшМУнун мыкты окутуучусу” конкурс-тарын уюштуруу ж.б. каралган. ОУКнин планында кеңештин отурумдары дагы атайын пландаштырыл-ган. Ал отурумдарга кафедра башчылардын өздүк аттестациялого даярдык көргөн иштери боюнча отчеттору (октябрь 2015) жана кафедралардын өздүк аттестациялосунун жыйынтыктары (декабрь 2015) жөнүндө отчеттору кирги-зилген. Факультетте кафедралардын ортосунда өз ара текшерүүлөр жакшы уюштурулган, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ОУКтин отурумдарында талкууланат. Мисалы, кеңештин отурумдарына “эл аралык мамилелер кафед-расынын СӨАИ жана ОСӨАИ уюштуруу иштери” жана “аймак таануу ка-федрасындагы өз ара катышуунун уюштурулушу жана эффективтүүлүгү” деген маселелер коюлган. Ошондой эле ОУКтин отурумдарында усулдук суроолор боюнча докладдар окулуп, талкуулунып турат. Алсак, “Коомдук жана тил дисциплиналар үчүн силлабустарды түзүүнүн өзгөчөлүктөрү”, “Окутуунун кредиттик системасындагы тестирлөөнүн түрлөрү” деген док-ладдар планга киргизилген. Өзгөчө эл аралык кафедрасынын методсекциясынын иштерин белгилеп кетсе болот. Методсекциянын планында түрдүү усулдук маселелер боюнча иш-чаралар жана методсекциянын отурумдары киргизилген. Ал отурумдарда ай сайын окутуучулар тарабынан даярдалган методикалык суроолор боюнча докладдар окулат, ошондой эле өткөрүлө турган ачык сабактардын план- проспектилери талкууланып бекитилет жана ал пландар боюнча сабактар өт-көрүүгө сунушталат. Бул маселелер методсекциянын отурумдарынын прото-колдорунда чагылдырылган. Мисалы, өткөн 2014-2015-окуу жылында метод-секциянын 8 отуруму болгон, аларга протоколдор жазылып, атайын папкага тиркелген. Ачык сабак өткөрүлгөндөн кийин анын жыйынтыктары кафедра-нын жыйынында талкууланат. Ачык сабактарды өткөрүү боюнча ОУК жана кафедралар активдүү иш алып барат. Ай сайын бекитилген график боюнча окутуучулар ачык сабак-тарды өткөрөт. Ачык сабактардын иштелмелери методсекциялардын жыйы-нында талкууланып, аларга өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ал сабактар өткөрүлөт. Эреже катары ар бир окутуучу бир семестрде бир ачык сабак өтөт. Бардык ачык сабактар жаңы технологияларды, көрсөтмө куралдарды, техникалык каражаттарды пайдалануу менен өткөрүлөт. Атап айтканда, эл аралык мамилелер кафедрасы боюнча 2014-2015-окуу жылы 19 ачык сабак өткөрүлдү, аймак таануу кафедра боюнча 17 сабак. Ачык сабак-тардын натыйжасы кафедралардын жыйындарында ай сайын талкууланат. Ал талкуулар кафедралардын жыйындарынын протоколдорунда чагылды-рылган. Ачык сабактардын иштелмелери кафедраларда атайын папкага тир-келген. Ошондой эле өз ара сабактарга катышуу ОУК тарабынан көзөмөлгө алынган. Окуу жылдын башында өз ара сабактарга катышуунун графиги ка-федралардын жыйынында бекитилген. Ар бир окутуучу бир айда 1-4 сабакка катышат жана катышуу боюнча атайын баракча толтурат. Ал баракчада ка-тышкан сабак боюнча анализ берилет, оң жана жетишпеген жактары белги-ленет. Баракчалар атайын папкага тиркелген. Өз ара сабактарга катышуу ма-селеси кафедралардын жыйындарында ар дайым каралып турат. Мисалы, эл аралык мамилелер кафедрасында 12 окутуучу 56 сабакка катышышты, анын ичинен Султанова К. - 12, Нурдинова К. - 7, Абазбек уулу Р. - 5, Азимова Ж.-6 жб. Аймак таануу кафедрасында 8 окутуучу 33 сабакка катышышты, анын ичинен Акматова Д. 10 сабакка катышкан. Факультетте инновациялык, интерактивдик технологияларды сабактарда колдонулушу боюнча чоң иш жүргүзүлөт. Бардык окутуучулар жаңы техно-логияларды окутуу процессинде пайдаланууга аракеттенет. Нурдинова К.Х., Султанова К.Д., Кыдырмышева Б., Абазбек у. Р., Ботоноев Ж., Джаныбекова В.Б., Акматова Д., Низамиев А.Г., Ибраимова С. өздөрүнүн сабактарында окутуунун жаңы технологияларын, интерактивдүү методдорду – «мээге ча-буул», группалык иштерди, ролдук иштерди, дискуссия, дебат, кейс-стадини ж.б. стратегияларды кеңири колдонушат. Заманбап технологиялар менен өт-көрүлгөн сабактардын материалдары кафедралардын фондусунда сакталууда. ОУК студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууга өзгөчө көңүл бу-рат. Жумушчу программаларда бардык дисциплиналар боюнча студенттер-дин өз алдынча иштөөсү үчүн берилген саат көлөмдөрүнө ылайык тематика-лык пландар түзүлгөн. Окутуучулар бул ишти түрдүү формада жүргүзүшөт: аудиториялык сааттардан сырткары сабактан кийин берилген темадагы сту-денттер даярдаган докладдарды, рефераттарды, эссе, аналитикалык каттарды, группалык жана жекече талкуулоо менен консультацияларды жүргүзүшөт. Ошондой эле студенттердин өз алдынча иштери тесттер, суроолорго ооз эки жооп берүү аркылуу текшерилет. Факультеттин окутуучулары өзүнүн квалификацияларын жогорулатуу максатында кафедралардын астында уюштурулган методсеминарларга ай са-йын катышышат. Ал семинарларда ар бир окутуучу окутуунун методикала-ры боюнча докладдарды жасашат. Атап айтканда, өткөн окуу жылы эл ара-лык мамилелер кафедрасында 7 методсеминар өттү, анда 12 доклад окулуп талкууланды. Мисалы, “Особенности обучения магистрантов при кредитной системе обучения” (Султанова К.), “Англис тилин окутуудагы мультимедия-лык технологиялардын колдонулушу” (Даниярова Г.), “Интерактивтик ме-тодтор студенттердин жетишүүсүнүн жогорулатуу фактору катары” (Акма-тов С.), “Методики обучения английскому языку” ж.б. Аймак таануу кафед-расында 7 методсеминар өткөрүлүп, анда 10 доклад окулуп талкууланды. Алар төмөнкүлөр: “Байланыш чеберчилиги жөнүндө сабактар” (Алымбекова В), “Тил дисциплинары үчүн модулдарды иштеп чыгуу” (Ибраимова С), “Япон тилин окутууда оюндардын колдонулушу жана алардын ролу” (Эсена-лиева А), “Практика боюнча отчет жазуунун эрежелери” (Раимбердиева А.) ж.б. Бардык докладдар атайын папкаларга тиркелген. 2015-2016-окуу жылы-на да методсеминарлардын пландары түзүлүп, бекитилген. Кафедраларда бардык дисциплинар боюнча жумушчу программалар түзүлүп, кафедралар-дын жыйынында бекитилген. Ошондой эле силлабустар, окуу-методикалык комплекстер түзүлгөн жана бекитилген. Лекциялардын, практикалык сабак-тардын электрондук иштелмелерин түзүү боюнча окутуучулар иштерди алып барууда. Кышкы жана жайкы сессияларда бардык предметтер боюнча экза-мендер тесттер түрүндө өткөрүлдү. Ал тесттер методсекцияларда талкуула-нып, кафедралардын жыйындарында бекитилди. ОУК тарабынан 2014-жылы ноябрь айында кафедраларда “ОшМУнун мыкты лектору жана окутуучусу” конкурсу уюштурулду. Кафедралардан экиден окутуучу факультеттик деңгээлдеги конкурсуна сунушталды: эл ара-лык мамилелер кафедрасынан Джаныбекова В., Азимова Ж., ал эми аймак таануу кафедрасынан Култаев А., Алымбекова В. Конкурстун факультеттик туру декабрь айында өткөрүлдү, факультеттик комиссия “мыкты окутуучу” деп аймак таануу кафедрасынын окутуучусу Култаев Амантурду белгилеп, университеттик конкурска катышууга сунушталган. Университеттик турда Култаев А. 3-орунду ээлеген. Азыркы учурда ОМК жана кафедралар тарабынан өздүк баалоо жана аккредитациялоого даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. ОУК тара-бынан факультеттин окутуучулары менен 19-январда аккредитациялоо боюнча семинар өткөрүлүп, кафедраларда жумушчу топтор түзүлүп, иш-чаралар бөлүштүрүлгөн. Жалпылап айтканда, эл аралык мамилелер факультетинин окуу-усулдук кеңешинин жакшы жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн белгилеп кетсе бо-лот жана бул тажрыйбаны жайылтууга сунуштайбыз. 10.Практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктоо Эл аралык мамилелер факультетинин практикаларды өткөрүү боюнча графиги адистиктер боюнча окуу пландарына жана 2014-2015-окуу жылы үчүн бекитилген окуу процессинин графигине негизделип түзүлгөн. Окуу планына ылайык студенттер үчүн практиканын 3 түрү (окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана мамлекеттик) каралган. Графикке ылайык “эл аралык мамилелер” адистигиги 2-курсунун студенттери окуу-таанышуу практикасы, “эл аралык мамилелер”, “аймак таануу” адистиктеринин 3-курсунун студенттери 4-майдан 16-майга чейин окуу-таанышуу практикасы, 4-курсунун студенттери өндүрүштүк практикасын 19-январдан 14-февралга чейин өткөрүлгөн, ал эми “эл аралык мамилелер” адистигинин 4-курстары 19-январдан 14-февралга чейин, ошондой эле 5-курсунун студенттери 9-февральдан 4-апрелге чейин, “аймак таануу” адистигинин 5-курсунун сту-денттери 26-январдан 21-мартка чейин мамлекеттик практикада болушкан. Студенттерди практикага жөнөтүү боюнча буйруктар өз учурунда чыга-рылып, практика бөлүмүндө атайын папкада толугу менен сакталган. Андан сырткары ар бир кафедранын иш кагаздарында өз адистигине тиешелүү буй-руктар тигилип турат. Факультетте 2014-2015-окуу жылында студенттердин практикалары үчүн келишимдер түзүлүп, практика бөлүмүндө сакталып турат. Мындан сырткары практикага тиешелүү төмөнкү жумушчу папкалары бар: норматив-дик материалдар (ОшМУнун Уставы, жоболор, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери, ректордун буйруктары); графиктер, иш пландар; практикадан өтүү программалары, методикалык көрсөтмөлөр; буйруктар; кириш болгон иш кагаздары (деканаттан, ишканалардан кулактандыруулар, маалыматтар), келишимдер ж.б. Андан сырткары кафедраларда студенттерди ишканалардан алынган практикалык иш кагаздары (көчүрмөлөрү) менен тааныштыруу максатында практика мезгилинде өздөштүргөн документтердин тизмеги түзүлгөн. Прак-тика боюнча жумушчу программаларда практиканын түрлөрү боюнча тех-карталар түзүлгөн жана баалоо 100 баллдык шкала менен көрсөтүлгөн. Студенттердин практика боюнча отчеттору кафедраларда сакталат. Азыркы күнгө практика боюнча факультетте бир нече ишкана-уюмдар менен келишим түзгөн жана жаңы келишимдерди түзүү жолго коюлуп жатат. Факультетте практика боюнча иш планы 2015-жылдын 28-сентябрында декан тарабынан бекитилген. Кафедралардын иш пландары кафедра башчы-лары тарабынан бекитилип, алардын бир нускасы практика бөлүмүндө тиги-лип турат. 2014-2015-окуу жылындагы практикага бөлүнгөн саат жүктөмдөрү жана алардын аткарылышы кафедрада бекитилген сааттардын эсебинин, оку-туучулардын жеке иш планынын жана кафедралардын жылдык отчетунун негизинде текшерилди. Аталган документтерге ылайык өткөн окуу жылы ичинде группалардын жана студенттердин саны туруктуу болгон жана анын жыйынтыгында окуу жүктөмдөрү толук аткарылган. 2015-2016-окуу жылына эл аралык мамилелер адистигинде 2-курстарга – 69, 3-курстарга – 128, 5-курстарга – 63, аймак таануу адистигинде 3-курстарга 96, 4-курстарга – 114 5-курстарга – 283,5 саат жүктөмдөрү план-даштырылганы анык. Текшерүү учурунда 2015-жылдын январь-февраль, май айларында бо-луп өткөн практикалар боюнча окуу жүктөмдөрү тайпалык журналдарында жумушчу программаларга дал келип катталышы каралды жана практика же-текчилери тарабынан сааттардын журналга жазылганы аныкталды. 2015-жылдын январь-февраль, май айларында өткөрүлгөн практикада, студенттер окуу борборлорго, айыл өкмөтү, райондук админстрацияларга, эл аралык уюмдарга, ишканаларга, жиберилген. Региондордогу практиканттар-ды көзөмөлдөө жана ишкана-уюмдар менен келишимдерди түзүү максатында практика жетекчилери Баткен, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа, Жалал-Абад, Ноо-кат багыттары боюнча иш сапарга барып келишкен. Практика боюнча жумушчу программаларда практиканын максаты, ком-петенттүүлүккө багытталган тапшырмалар, сааттардын бөлүнүшү, баалоо критерийлери, тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн максималдык балл так көрсөтүлгөн. Факультетте практика багытында 2014-2015-жылын аткарылган иш ча-ралар: 1) практиканын максаты жана өтүү тартиби боюнча студенттер үчүн се-минар, конференциялар уюштурулуп, студенттердин техникалык коопсузду-гун сактоо жөнүндө эскертилип, бул боюнча кафедраларда атайын журнал-дар уюштурулган; 2) практиканын жумушчу программалары жаңыдан түзүлүп, кайрадан жаңыланып бекитилди. 3) 2014-15-окуу жылдын январь-февраль, май айларында Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Жалал-Абад, Баткен багыттары боюнча иш сапарлар уюштурулду. Иш сапарлардын биздин окуу жайга пайдасы: практиканттардын ишин өз жеринде анализдөө; региондордогу ишканалар менен байланышты жак-шыртуу; туруктуу келишимдерди түзүү; профориентация ишин жүргүзүү. 2014-2015-окуу жылдын февраль айында факультетте “Мыкты практи-кант” деп аталган иш-чара уюштурулду. Бул иш-чарага практик-адистер ка-тышты. Практиканы уюштурууну өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча су-нуштар: 1)Тайпалык журналдарга практика боюнча окуу жүктөмдөрүнүн аткары-лышын жазуу үчүн атайын бет ачуу. 2)Практика боюнча студенттерге, иш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана башка кызыкдар тараптарга маалымат жеткирүүнү жакшыртуу максатында ОшМУнун сайтында практикага тиешелүү нормативдик жана методикалык материалдарды, жумушчу программаларды жайгаштыруу. 11.Илимий изилдөө иштери Факультет төмөнкү жалпы илимий теманын негизинде иш алып барат: “Дүйнөнүн жана өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн табигый-географиялык, социал-дык-экономикалык жана саясий-укуктук негиздери” (№ 0007114, 01.01.13). Илимий жетекчи, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. Аталган теманын алкагында кафедралардын да илимий темалары каттал-ган: 1.Эл аралык мамилелер кафедрасы - “Кыргыз Республикасынын коомдук турмушунун социалдык-саясий жана философиялык аспектилери” (№ 0005744, 29.01.2010); 2.Аймак таануу кафедрасы - “Дүйнөнүн жана өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн аймактык аспектилери” (№ 0006873,01.01.2013). Текшерүүнүн жыйынтыгында факультет окутуучулардын саны боюнча чоң эмес структура болгону менен илимий изилдөө иштеринде университет-тин деңгээлинде бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жасагандыгы айкын болду. Мисалга алсак, 2015-жылы 29-30-май күндөрү факультеттин каты-шуусу менен университетте “Борбордук Азияда суу ресурстарын башкаруу: жергиликтүү жана эл аралык тажрыйба” аттуу эл аралык конференция уюш-турулган. Анда Кыргызстандан суу боюнча белгилүү адистери менен Фран-ция жана Казакстандын окумуштуулары азыркы суу ресурстарынын актуал-дуу маселелерин талкуулашкан. Эл аралык мамилелер кафедрасы бекитилген тема боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Алсак, доценттер Авазбек уулу Р. жана Джаныбекова В.Б. монографияларын басмадан чыгарышты. Улук окутуучу Азимова Ж.Ч. “Международные организации” аттуу окуу куралын чыгарды. Ал эми илимий макалалар ар кандай басмалардан чыкты: Нурдинова К.Х. 1, Ботоноев Ж.С. 5 (анын ичинен 1 англис тилинде), Авазбек уулу Р. 2 макала чыгарышкан. Ошондой эле Ботоноев Ж.С. “Эркин Тоо” гезитинин сайтында “Бай-манаптар кантип кулакка тартылган”, “Баракелде” сайтында “Унутта калган уулдар же эл эсиндеги элиталар” аттуу макалаларды жарыялаган. Аймак таануу кафедрасы да бекитилген илимий тема боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында профессор Низамиевдин А.Г. жетишкен ийгиликтерин белгилеп өтүүгө болот: 2014-15-окуу жылында 1 илимий брошюра (Германия) жана 1 окуу колдонмо (КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен) басмадан чыккан; илимий макалалары-нын басымдуу бөлүгү да чет өлкөлөрдө жарык көргөн (акыркы 5 жылда чык-кан 33 макаланын 24ү Болгария, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Түр-кия өңдүү өлкөлөрдө чыккан). Ошондой эле Акматова Д.А., Алымбекова В., Эсеналиева А. теңавторлукта 1 макаласы чыккан. Култаев А. “Китайский язык” аттуу окуу куралын басмадан чыгарды. Сулайманов Ж.М. 2014-жылы сентябрь-октябрь айларында Казак эл аралык университетинде “Кыргызстан-дагы улуттук түзүлүү” деген темада презентация жасаган. Азыркы учурда да-гы өзүнүн илимий багыты боюнча докторлук диссертациясын жазууда. Кафедралардын алдында эл аралык мамилелердин жана учурдагы дип-ломатиянын маселелерин, гендердик маселелерди жана англис тилин үйрө-түү боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн 5 илимий ийрим иштейт (4-табл.). Ийримдердин мүчөлөрү ай сайын факультетте дипломатиянын, ген-дердин актуалдуу маселелери жана англис тили боюнча дискуссияларды, де-баттарды, тегерек столдорду откоруп турушат. Мисалы, 2014-жылдын 12-ноябрында КРнын экономика министрлигинин эксперттеринин катышуусу менен “КРнын Бажы союзуна кирүүсүнүн пайдалуу жактары жана тобокел-чиликтери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. 4-таблица Эл аралык мамилелер факультетиндеги илимий ийримдер боюнча маалымат Ийримдин Аталышы Жетекчиси Студенттердин Саны Откоруу мооноту “Аймак таанучу” Низамиев А.Г. 25 ай сайын «Дипломат» Абазбек уулу Р. 25 ай сайын Англис тили ийрими Даниярова Г. 30 ай сайын Гендердик ийрим Кыдырмышева Б 20 ай сайын “Сакура” Эсеналиева А. 25 ай сайын 2,3,4- курстардын студенттери (окуу планына ылайык) эл аралык саясий илимдердин актуалдуу маселелери боюнча, тактап айтканда, эл аралык ма-милелердин теориясы, учурдагы эл аралык мамилелердин проблемалары, эл аралык мамилелердин тарыхы жана КРнын тышкы саясаты боюнча курстук иштерди жазышат жана аларды коргошот. Мындан сырткары студенттер окутуучулардын жетекчилиги алдында өз адынча иштөөнүн алкагында бардык предметтер боюнча рефераттарды жа-зышат. 5-курстун студенттери кафедранын окутуучуларынын жетекчилиги ал-дында учурдагы дүйнөдөгү эл аралык мамилелердин жана дүйнөлүк саясат-тын актуалдуу маселелери боюнча дипломдук иштерди жазышат. 2015-жылы эл аралык мамилелер адистигинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан 27 жана аймак таануу адистиги боюнча 31 дипломдук иш жазылып, ийгиликтуу коргогон. “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери Салиева С., Жалалова А., Рыспай кызы А. 2015-жылдын апрель айында Бишкек шаарында КУУнин Кыргыз-кытай институту тарабынан өткөрулгөн “Китаеведение в Кыргызс-тане” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция-га катышышып, илимий доклад жасашты. Ушул эле адистиктин студенттери Тынчтык курууну изилдөө жана онүгүү борборунда этноконфликттерди че-чүү жана шаардыктардын саясий коз караштарын аныктоо багытындагы ар турдуу иш-чараларга катышууда. Эл аралык мамилелер факультетинде 2014-2015-окуу жылы үчүн түзүл-гөн илимий иштеринин планы боюнча апрель айында илим жумалыгын өт-көрүү пландаштырылган. План боюнча 27-апрелден 30-апрелге чейинки ар бир күнгө илим күнүн өткөрүү үчүн факультеттин эки кафедрасы бөлүнгөн. 27-апрелде илим жумалыгынын ачылыш аземи болуп, декан Низамиев А.Г. факультетте болуп жаткан илим багыттындагы алгылыктуу иштер туурасын-да кеңири баяндама жасагандыгын баса белгилеп кетүүгө болот. Ушул эле күнү “Эл аралык мамилелердин актуалдуу проблемалары” деген темада сту-денттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияда пленардык отурум жана эки секция иш алып барды. Пленардык отурумда МО-1-10 тайпасынын студенти Төлөнбай уулу А. “Транснациональный терроризм как угроза в Центральной Азии”, РВ-1-11 тайпасынын студенти Кыямиддин уулу Д. “Тайваньская проблема: существование «двух» государств», МО-1-10 тайпа-сынын студенти Ырыспай кызы А. «Проблемы водных ресурсов в междуна-родных отношениях», РВ-2-12 тайпасынын студенти Эргешбай кызы Ж. «Японская культура как пример мягкой дипломатии» деген темаларда док-ладдарын жасашты. Андан соң эки секция “Актуальные проблемы междуна-родных отношений” жана “Сотрудничество КР с остранами Востока” деген аталышта иш алып барышты. 29-апрель күнү “Тилдер күнү” болуп, ага да активдүү катышуу болду. Иш-чарада “Нелегальная миграция” деген темада англис тилинде студенттер арасында диспут болду. Япон тилинде студенттер “Спич конкурс” өткөрүш-тү. Кытай тилинин студенттери “Культурное наследие” деген темада кичи конкурс жана түрк тилинде студенттер викторина өткөрүштү. Аталган иш-чараларда факультеттин окутуучулары жана студенттер активдүү катышыш-ты. 30-апрелде “Кыргыз Республикасынын экономикасы: өнүгүүнүн көйгөй-лөрү жана перспективалары” аттуу тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чарага магистратура департаментинин директору Камалов Э.Т., көз карандысыз экономика боюнча эксперт Абдразаков Э.А. жана Ош шаардык мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Кайымов Т. кызыктуу баяндамаларды оку-шуп, тегерек столду маңыздуу нукта алып барышты. Жуманын аягында факультеттин илим жумалыгына активдүү катышкан-дарга жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды. 13.Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуусу Факультет бул багытта башка факультеттерден өзгөчөлөнүп турат, б.а., окутуучулардын 90%ы чет өлкөлөрдөн тажрыйбаларын жогорулатып келиш-кен (5-табл.). 5-таблица Эл аралык мамилелер факультетинин ОПКнын чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүүсү (2012-жылдан) Окутуучу Жылы Өлкө Университет Эл аралык мамилелер кафедрасы Султанова К.Ж. 2013 2014 Кытай Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Ботоноев Ж.С. 2015 Түркия Кастамону университети Кыдырмышева Б. 2015 Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Аймак таануу кафедрасы Акматова Д.А. 2013 2014 Кытай Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Низамиев А.Г. 2012 Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Сулайманов Ж.М. 2015 Казакстан Казак эл аралык университети Алымбекова В.А. 2015 Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Бабакулова Р. 2015 Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети Кутушева Н.Т. 2015 Кытай Синьцян педагогикалык универси-тети 14.Эл аралык байланыштар Эл аралык байланыштар боюнча факультет аты эле айтып тургандай бул жаатта университетке үлгү болуш керек жана бул багытта бир топ жакшы жыйынтыктар бар. Факультеттин демилгеси аркылуу университет Ханнам университети (Корея), Порто университети (Португалия), Белгород универ-ситети (Орусия), Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институту (Кыргызстан) менен эки тараптуу келишимдерди түзгөн. Порто университе-тинде 1 изденүүчү PhD докторлук ишин коргогон. Белгород университетине 2016-жылдан 5 магистрди орусиялык гранттын негизинде окууга жөнөтүүгө аракеттер болуп жатат. Эл аралык долбоорлорду аткаруу боюнча Низамиев А.Г. ЕС Эрасмус Мундус програмасы боюнча ОшМУнун координатору болуп эсептелет. Дол-боордун негизинде 2015-жылы май айында Өзбекстан улуттук университе-тинде жана Ташкент мелиорация жана ирригация институтунда эл аралык конференцияларга катышкан. Ушул эле жылы 17-июнда Кытайдын Синин шаарында “Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаарлардын бириккен фору-мунда” илимий баяндама менен чыкты жана ал Синин шаарынын Шаардык дипломатия академиясынын ардактуу изилдөөчүсү болуп дайындал-ды. Доцент Ботоноев Ж.С. Мевлана программасы менен Кастамону универ-ситетинде билимин жогорулатып келген. 2014-15-окуу жылында 11 студент Кытайдын, 2 студент Түркиянын ар кандай университеттеринде билимдерин улантышты. Быйылкы жылы Кытай-га 4, Түркияга 1, Японияга 8 студент окууга жөнөп кетишти. Магистратуранын башталышы менен эл аралык байланыштарды окуу процессинде пайдалануу ийгиликтүү улантыла баштады: 7 магистр Синьцзян педагогикалык университетинде окуп келишти. 15.Тарбиялык иштер Факультеттин окумуштуулар кенешинин №1 токтому менен тарбия иштери боюнча иштелип чыккан иш план бекитилген жана бир жыл бою ал боюнча иш алынып барылган. Бул окуу жылында факультетте тарбия жаа-тында бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн: Сентябрь айынын башында тайпалар-дын старосталарын шайлоо кураторлор менен өткөрүлдү жана кураторлор-дун, старосталардын тизмеси декан тарабынан бекитилди. Куратордук саат-тар окуу жадыбалына жумасына бир жолудан коюлуп, анын өтүүсү көзөмөл-гө алынып турду. 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тил кафедрасы менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү. Мында факультет ата-йын диплом менен сыйланып, РВ-1-12 тайпасынын студенти Камчиев К. улуттук аспапта мыкты ойноо чеберчилиги үчүн 2-даражадагы, Алимжан кы-зы А. мыкты дил баян жазгандыгы үчүн 3-даражадагы диплом менен сыйла-нышты. Факультеттин «ФМО - универсал» КВН командасы түзүлүп, факуль-теттик жана университеттик денгээлде өткөрүлгөн сынактарга жигердүү ка-тышып, ийгиликтерди жаратып келишет. 24-октябрда салтка айланып калган дипломатиялык кызматкерлердин кесипттик майрамын жана 1-курстардын студенттеринин студенттикке кабыл алуу аземин ОшМУнун ректору, про-фессор К.А. Исаковдун, Россия Федерациясынын, Казахстан Республикасы-нын Ош шаарындагы башкы консулдарынын, ОБСЕнин Оштогу атайын өкү-лүнүн, КРнын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүл-чүлүгүнүн жетекчисинин ж.б. атайын коноктордун катышуусу менен жогор-ку денгээлде өткөрүлдү. 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата факультетте дискуссия өтүлдү. Студенттердин сүйлөө чеберчилигин, мада-ниятын, саясий көз карашын, эркин ой жүгүртүүсүн калыптандыруу макса-тында факультеттин жаштар комитетинин алдында дискуссия жана дебат клубдары түзүлүп бир айда эки жолу жана даталуу күндөрдө өлкөбүздө жана дүйнөдөгү актуалдуу болгон маселелерди студенттер менен окутуучу-профессордук курамдын ортосунда чогуу талкууга алынып турду. Студент-тердин интеллектуалдык, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, билим денгээлдерин калыптандыруу максатында факультеттин жаштар комитетинин алдында «Брейн-Ринг» интеллектуалдык клубу ачылып айына эки жолу регулярдуу түрдө өтүп турду. Өзгөчө белгилеп өтүүчү иш-чара, факультет тарабынан 21-22-май күн-дөрү университеттин масштабында БААУ менен биргеликте “Биз биргебиз” аттуу ар түрдүүлүк жумалыгы уюштурулду. Анын максаты улуттар аралык мамилени чыңдоо, улуттук толеранттуулукту даңазалоо, интернационализм, гуманизм жана жалпы адамдык баалуулуктарды билүү болду жана өтө жо-горку деңгээлде өттү. Сунуштар жана пикирлер 1.Окуу процессинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо макса-тында адистештирилген предметтер боюнча жаңы окуу куралдарын сатып алуу, электрондук курстарын даярдоо, электрондук көрсөтмө куралдарды жана слайддарды иштеп чыгуу. Факультетте 1 проектор бар, дагы 1 проек-торго муктаж. 2.Окуу процессине жана коомчулук менен байланыш иштерине Кыргыз-станда, айрыкча Ош шаарында жайгашкан чет элдик дипломатиялык мекеме-лердин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартууну ке-ңейтүү. 3.Жаш окутуучулардын иш-тажрыйбаларын, педагогикалык ишмердүү-лүктөрүн жогорулатуу максатында деканат жана кафедра тарабынан тыным-сыз иштерди алып баруу. 4.Эл аралык долбоорлорго катышуу, чет элдик университеттер менен кызматташуу аркылуу факультетке жана университетке интеллектуалдык ин-вестицияларды тартууну күчөтүү. 5.Кафедраларда илимий иштерди алып баруу, б.а., илимий макалаларды даярдоо, ар кандай деңгээлдеги конференцияларда илимий баяндамалар ме-нен чыгуу жагы күчөтүлсүн. 6.Жергиликтүү материалдарды камтыган адистештирилген предметтер боюнча окуу куралдарын чыгаруу каралсын.