ЭМФ-ФМО: Илим жумалыгынын жыйынтыгы

2016-04-26 09:30:40 71

Эл аралык мамилелер факультетинде 2015-2016-окуу жылы үчүн түзүлгөн илимий иштеринин планы боюнча апрель айында илим жумалыгын өткөрүү пландаштырылган. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн илим жумалыктын иш планы түзүдү. Түзүлгөн план боюнча 18-апрелден 23-апрелге коюлган илим жумалыгын өткөрүү кафедраларга бөлүнүп берилген. 18-апрель күнү илим жумалыгыын ачылыш аземи болуп өттү. Бул салтанатты эл аралык мамилелер факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. ачып, факультетте болуп жаткан илим багыттындагы алгылыктуу иштер туурасында кенири баяндама жасап, мындан ары да жамаат талыкпастан үзүрлүү эмгектерин уланта берерине токтолуп өттү, ошондой эле илим жумалыгын натыйжалуу өтүүсүн каалап кетти. Андан кийин илим жумалыктын ачылыш аземине аймак таануу кафедрасынын жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчылары куттуктоо сөздөрүн айтышты. Бул күнкү өткөрүлгөн иш-чарага профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Пленардык отурум болуп өттү. Ушул эле күнү факультеттин магистрлери илимий докладдарын окушту: 1.Кыдырмышева Б.: Гендерные аспекты политической системы КР. 2.Азимова Ж.: Влияние глобализации на сознание кыргызов. 3.Култаев А.: Место и роль региональных международных организаций в системе международных отношений (на примере ШОС и ОДКБ). 19-апрель күнү “Эл аралык мамилелердин актуалдуу проблемалары” деген темада студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Пленардык отурум жана эки секция иш алып барды. “Актуальные проблемы международных отношений” аттуу секциясында баяндамалар окулду: 1.Канаева Д. гр.МО-1-11:Основные направления сотрудничество Канады и ЕС. Перспективы развития. 2.Акматова Ж.: Партии и политические движения в современном Кыргызстане и их роль в формировании гражданского общества. 3.Даниярова Г.: Деятельность религиозных организаций на юге Кыргызстана. 4.Сматов Мирбек: Роль правоохранительных органов в урегулировании конфликтов. 5.Шарабидинов Максатбек: Проблемы урегулирования межэтнических конфликтов. Катышкан окутуучулар жана студенттер талкууга активдүү катышышты. “Сотрудничество Кыргызской Республики со странами Востока” аттуу секцияда дагы докладдар окулду. 1.Акылбек кызы Нургиза, РВ-1-13: “Русско-японская война 1904- 1905”. 2.Асланбек у. Адилет, РВ-1-14: ”Настоящяя дружба“. 3.Асанахунова Зарина: Роль женщины в современном обществе Японии. Баяндамалардан сон талкуу болду. Анда студенттерди кызыктыргын секциянын темасы боюнча баяндамачылар суроолорго жооп беришти. Секциянын жумушу абдан маныздуу болду десек болот. 20-апрель күнү “Тилдер күнү” болуп өттү. Иш чарада “young diplomat” деген темада англис тилинде ЭМ кафедрасында студенттер арасында аттуу илимий фестиваль болуп өттү. Англис тилинде студенттер “Спич конкурс” өткөрүштү. Аталган иш-чараларда ыр бий программалары болду.Факультеттин өзгөчө “эл аралык мамилелер” кафедрасынын студенттери активдуу катышышты. Өздөрүнүн жакшы интелектуалдык денгээлдерин көрсөтө алышты. 21-апрель күнү факультетте “аймак таануу“ кафедрасында “brain ring” аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулду. Бул иш-чарага 1-2-3 курстун студенттери катышышты. Мындан башка ар бир кафедралар белгиленген илим күнүндө слайд, видеороликтерди, кызыктуу баяндамаларды, студенттердин акыл-таймаш, акыл-ордо сыяктуу кызыктуу программаларын даярдашып, эсте калаарлык маанай тартуулашты. Жуманын аягында факультеттин илим жумалыгына активдүү катышкандарга жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды.