2016-05-11 16:07:52 68
2016-жылдын 30-апрель күнү эл аралык мамилелер факультетинин эмгек жамааты “Sun Rise” мейманканасынын жыйындар залында Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын 1-жыйынын өткөрдү. Жолугушууга 40 бүтүрүүчү катышты. Жыйынды ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдувалиев А.О. жана ЭМФнин деканы Низамиев А.Г. сөз сүйлөп ачышты. Университеттин карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира ассоциациянын иштери боюнча маалымат берип, сайт жөнүндө көрсөтүп айтып берди. Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр менен студенттердин арасында суроо-жооп түрүндө пикир алмашуулар болду. Студенттердин “Кайсы предметтин сизге көбүрөк пайдасы тийди?”, “Ушундай ийгиликке кантип жеттиниздер?”, “Окуу мезгилинде кызыктуу окуяларды айтып бериниздер?” деген суроолорго Демир Банк филиалынын директору Камбаров Сагын, Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сапаров Рустам, ПРООН эл аралык уюмунун финансы бөлүмүнүн ассистенти Давлатжанова Зарагул, Конфуций институтунун директорунун орун басары Усөн ууулу Маматаир жооп беришти. Алар ушундай ийгиликке жетишкендигинин бир себеби бул факультеттин мугалимдеринин берген тарбиясы жана билими болгондугун айтып кетишти. Давлатжанова Зарагул студенттерди ар кандай иш чараларга активдүү катышууну сунуш кылды. Ошондой эле факультеттин кафедра башчылары Султанова К.Д. жана Акматова Д.А. бүтүрүүчүлөргө эл аралык мамилелер факультетинин студенттерин практикага, жумушка орноштуруу боюнча көмөктөшүүлөрүн суранып өтүштү. Бүтүрүүчүлөр кафедра башчыларынын сунуштарын колдоп берүүнү айтышты. Иш чаранын аягында бүтүрүүчүлөрдүн урматына кофе-брейк уюштурулду.