2016-05-26 17:18:14 56
2016-жылдын 26-майында ЭМФне келген коноктор - Япониянын "Relationship Co., Ltd" компаниясынын президенти Shunkichi Teraoka жана ушул эле компаниянын менеджери, Бишкек шаарындагы өкүлү Mıchınorı Yotsuhashı университеттин 1-проректору, доцент А.Абдувалиев жана факультеттин деканы, профессор А.Низамиев менен жолугушту. Анда университеттин студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн Японияга окууга жана жумушка жөнөтүү боюнча иш-чаралар талкууланды. Андан кийин аталган коноктор факультетте япон тили боюнча билим алып жатышкан студенттер менен жолугушту.