ЭМФ-ФМО: Япония менен байланышуу кеңейип жатат

2016-09-07 13:05:50 62

Эл аралык мамилелер факультетинде япон тилин жана маданиятын тереңдетип үйрөтүү, Япония менен болгон тышкы байланыштарды күчөтүү максатында окуу жылы башынан алгылыктуу иштер жүрүп жатат: 1. 2016-жылдын 3-сентябрында "Сан райс" мейманканасынын конференц-залында факультеттин деканы А.Низамиев, япон тили боюнча окутуучу А.Эсеналиева жана Японияга барууга кызыкдар студенттер менен "Asia Management and Human Resources Support Cooperative" компаниясынын тышкы байланыштар боюнча директору Хирото Ито жолугушуу өткөрдү. Анда аталган өлкөгө баруу шарттары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз болду. 2. 6-сентябрда Кансай университетинин ассистент-профессору, азыркы мезгилде БААУнин волоньтеру Одагири Нами япон тилин окуган студенттерге атайын сабак өттү. Андан кийин аны факультеттин деканы А.Низамиев япон тили боюнча окутуучу А.Эсеналиева менен биргеликте кабыл алды. 3. 7-сентябрда университеттин башкы корпусунда "Relationship Co., Ltd" компаниясынын менеджери Масахиро Курихара факультеттин жалпы студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Анда Японияда билим алуу жана иштөө маселелери каралып, баруу жолдору жана шарттары боюнча сөз болду.