ЭМФ-ФМО: япон тилин өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер

2016-09-21 11:33:09 64

Эл аралык мамилелер факультетинин жапон тили боюнча окутуучусу А.Эсеналиева Бишкектеги жапон борборунда ушул жылдын август айында 2 күндүк (19-20-август) 4-жайкы жапон тили боюнча окуу-усулдук семинарына катышып, “Факультетте жапон тилин өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер болууда” деген темада доклад окуп, сертификатка ээ болду. Ошондой эле 30-августта Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы кездеги кыргыз япон таануусу. Кыргыз Республикасынын япон таануучуларынын ишмердүүлүгүнө 25 жыл” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, аталган университеттин жарчысына өзүнүн макаласын жарыялады.