2017-04-11 16:27:17 63
ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетин ийгиликтүү аяктап, Кытай Эл Республикасында магистратурада окуп жаткан биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөр өзүлөрү тарбияланып чыккан факультетте мейманда болушту. Алардын бир нечеси ОшМУнун магистратурасында окуп, Кытайда академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатат. Көпчүлүгү Кытайдын университеттеринин магистратурасында, докторантурасында билимин улантууда. Биздин факультеттин быйылкы бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда алар чет өлкөдө билим алуунун артыкчылыктары, жетишкендиктери, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири айтып беришти. Студенттердин, окутуучулардын атынан сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз! Биздин факультет ар бир бүтүрүүчүбүз менен тыгыз иш алып барууга даяр! Алга ФМО ОшГУ!