2017-04-11 18:15:06 93
ОшМУнун жетекчилигинин демилгеси менен ФМО International Relations Osh SU / Факультет международных отношений ОшГУ факультетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган "Окутуучу студенттин көзү менен" анонимдүү он-лайн сурамжылоосу (анкетирование) башталды! Окутуучулардын иш-аракетин студенттерибиз 18 суроого жооп берүү аркылуу баалай алышат. Эл аралык аккредитациянын талаптарына ылайык студенттер негизги стейкхолдерлер (кызыкдар тараптар) экендигин эске алуу менен өткөрүлүп жаткан бул иш-чара факультетибиздеги окуу-тарбия процессин уюштурууда жаңы жетишкендиктердин эшигин ачып берет деген үмүттөбүз.