2017-04-12 15:45:49 60
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетиндеги Жаш Дипломаттар Клубунун демилгеси менен факультетибиздин студенттери үчүн "Дипломатиялык протокол" деген темада семинар - жолугушуу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн 2-катчысы Апышов Мээримбек Бердибековичке жана 3-катчысы Абдурахманов Чынгыз Сулаймановичке терең ыраазычылык билдиребиз. ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканаты.