2018-03-10 18:14:34 56
Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультети жана КР ТИМнин К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясы менен биргеликте 2018-жылдын 6-март күнү онлайн режиминде “Кыргыз - Өзбек кызматташуусунун өнүгүүсүнүн жаңы мейкиндиктери” деген темада телекөпүрө форматындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий-практикалык конференцияга эки өлкөнүн ТИМнин өкүлдөрү, эксперттер, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, окутуучулар, ОшМУнун “Эл аралык мамилелер”, “Аймак таануу”, “Чыгыш таануу, африканистика” билим берүү программаларынын магистранттары жана студенттери катышышты. Көптөгөн докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү. Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов өзүнүн “Кыргыз Республикасынын Өзбекистан Республикасы менен маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн келечеги” деген докладында Кыргызстандагы, Ош областындагы жана Ош мамлекеттик университетиндеги маданий–гуманитардык кызматташуу жаатындагы иш-аракеттерге кеңири токтолуу менен келечекке болгон сунуштарды жана пландарды белгилеп кетти. Илимий-практикалык конференция өзгөчө студенттерге абдан кызыктуу болду, суроолорду берип, өздөрүнүн ойлорун айтышып,кыргыз-өзбек мамилелеринин келечеги жаштар үчүн маанилүү экенин билдирип кетишти. Кыргыз-Өзбек мамилелеринин келечеги өнүгүү жолунда бараткандыгы жана дагы да болсо ар тармактуу өнүгүүсүнө абдан пайдалуу ойлор айтылды. Мындай иш-чаралар эл аралык мамилелер факультетинде көптөгөн өнөктөштөр менен биргеликте дайыма өткөрүлүп келүүдө.