КOICA өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ОшМУда болушту

2018-03-16 12:03:15 57

Бүгүн 2018-жылдын 15-март күнү Бишкек шаарындагы Корея өлкөсүнүн КOICA өкүлчүлүгүнүн директору Пак Сунджин, волонтердук программанын координатору Чон Джухи жана менеджери Токолдошова Алиса ОшМУга келишип, эл аралык мамилелер факультетинде болуп кайтышты. Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Токтоназарович менен ОшМУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев аларды тосуп алып, факультеттин кафедралары менен жакындан тааныштырышты. Бир чыныдан чай ичүү мезгилинде төмөнкүлөр жөнүндө сөз болду. Эрлан Камалов: “Бизде корей, япон, кытай, араб, фарси жана англис тилдери окутулат. Студенттер биринчи курска келишкенде бул тилдердин бирөөсүн тандашат. Англис тили кошумча тил катары үйрөтүлөт. Жогоруда аталган тилдерге суроо-талап көп болгондуктан, колледжибизди ачтык. 3 баскычтуу билим берүүгө өткөнбүз. Факультетибиз салыштырмалуу жаш, анда 545 студент окуйт, алардын 120 корей тилин тандашкан. Андыктан эки тараптуу кызматашуунун алкагында төмөнкү төрт сунушту белгилеп кетүү зарыл: 1) Китепкана фондунда корей тили боюнча аймак таануу, дипломатия адистиктерине ыктаган окуу китептеринин санын көбөйтүү. 2) Кореядагы окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү. 3) Конок лекцияларды уюштуруу. 4) Корей тилин, маданиятын, тарыхын, каада-салтын үйрөтүүчү ресурстук борборду ачуу”. Пак Сунджин: “Бизди жылуу тосуп алгандыгыңыздарга чон рахмат, жагымдуу атмосферага туш болдук. Биздин уюм аймактарды өнүктүрүү боюнча өкүмөттүк деңгээлдеги ар кандай проекттерди ишке ашырат. Өкүлчүлүк негизинен узак мөөнөттүү (2 жылдык) волонтердук программаларды уюштуруу менен алектенет. Бул жаатта көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Биздеги волонтердук программалар окутуучулардын кесиптик өсүүсүнө багытталган. Сиз берген сунуштарды Бишкектеги корей борборуна жеткирип барабыз”. Натыйжада алар бизге толтурулуучу формаларды жибермей болушту. Аларды жасап жөнөткөндөн кийин волонтерлор келе баштайт. Сүйлөшүүлөрдөн кийин коноктор студенттер менен көрүшүп, пикир алмашышып, суроолоруна жоопторду беришти. Жолугушуу аларга факультеттин жаңы салынган кооз имаратын көрсөттүү менен жыйынтыкталды.