2018-03-27 09:55:37 57
Улуу Британиянын Сент-Эндрюс университетинин профессору ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде конок лекция окуду. Профессордун “Орто Азиядагы коопсуздук маселеси” деген темадагы лекциясына ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары, магистранттары, студенттери катышышып, маанилүү маалыматтарга ээ болушту. Иш сапардын алкагында профессор Маттео Фумагалли ОшМУнун жетекчилиги менен жолугушту. Жемиштүү жолугушууда ОшМУ менен Сент-Эндрюс университетинин кызматташтыгын арттыруу, конок лекцияларды уюштуруу, онлайн режиминде түрдүү иш-чараларды өткөрүү жана академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташуу тууралуу маселелер макулдашылды. Кошумчалай кетсек, Сент-Эндрюс университети 1413-жылы түзүлгөн.