Кыргызстан менен Россиянын гуманитардык кызматташтыгы

2018-04-02 19:58:15 57

Бүгүн 2018-жылдын 2- апрелинде Ош мамлекеттик университетинин конференц-залында “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аймактарды өнүктүрүү алкагында гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабы менен демилгеленип, ОшМУнун ректораты жана эл аралык мамилелер факультетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш –чарага Бишкетен келген эксперттер: саясатчы жана “Пикир” аймактык эксперттер клубунун өкүлү Игорь Шестяков, клубдун координатору, КРдин ЖКнин экс-депутаты саясатчы Иманалиева Эльвира Сансызбаевна жана көз карандысыз журналист Крек Наталья катышышты. ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, магистранттары жана окутуучулары үчүн, профессор К.З. Зулпукаровдун, доцент Б.К. Оморкуловдун жана ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камаловдун докладдары окулуп, катышуучулар арасында талкууланды. Профессор Канышай Нурдинова, коомдук ишмер Салима Шариповалар өздөрүнүн жеке ойлору менен терең бөлүшүштү. Студенттер жана магистранттар абдан активдүү катышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопдорду байма-бай алышты.