Эл аралык мамилелер факультети окуучуларды – кесипке багыттоо иштерин баштады.......

2018-04-04 11:00:05 60

Бүгүн 3-апрель күнү, Ош шаарында жайгашкан Олимп, Киров жана Макоренко атындагы гимназия мектептеринин окуучуларына биздин факультеттин эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу Марс Парпиев баштаган жана Жаштар комитетинин төрөгасы Нурсултан Жумабаев, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында сырткы жана коңушу мамлекеттерден билим алып келишкен активдүү студенттерибиз менен биргеликте - кесипке туура багыттоо, факультетте түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралу жана чет өлкөлөрдөн билим алууга жол ачкан ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин академиялык мобилдүүлүк программалары, тарыхы, окуу сапаты, жакынкы жана алыскы мамлекеттерде окуп жаткан студенттерибиз тууралу презентация жасалып, 9-11-класстар менен биздин жамааттын ортосунда суроо-жооптор болду. Бүтүрүүчүлөргө ЖОЖго тапшыруу маселелери боюнча толук маалыматтар берилди.