Европага эшик кеңейе баштады!

2018-04-04 11:18:56 61

Кудай колдоп, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин сүйүктүү 10 студенти жана Азимова Жамийла Чомоевна эжекебиз Чехиянын Прага шаарына азыр аман-эсен жетип алышты! Аларды Праганын аэропортунда Батыш Чех университетинин өкүлдөрү Kristina Khila жана Anna Pismak тосуп алышты. Сапар узак болду: ОшМУ-Ош-Бишкек-Алматы-Стамбул-Прага. Биздин студенттер англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болушат. Билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышат. Белгилей кетсек, 2017-2018-окуу жылынын күзгү семестринде Батыш Чех университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде келген 8 студент ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алып кетишсе, аталган университеттин философия жана искусство факультетинин деканы, т.и.д., профессор Павел Варжека жана декандын орун басары Давид Шанц ОшМУда конок лекцияларды өтүшүп, тажрыйба бөлүшкөн. Ошол эле учурда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 7 студенти жана бир окутуучусу Батыш Чех университетинде окуп, тажрыйба топтоп келишкен