2014-05-15 14:41:54 54
2014-жылдын 15-майында эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты ОшМУнун кесипке багыттоо иш-аракетинин алкагында откорулгон Билим майрамына активдуу жана озгочо формада катышты. Шаардан жана областтан келген окуучулар учун атайын болунгон аянтка козгозмо уюштурулуп, факультеттин адистиктери, озгочолуктору жана жетишкендиктери жонундо жазуу жана фото маалыматтар, чыгыш тилдери боюнча окуу материалдары тартууланды. Студенттер кытай, корей, япон жана арап улуттук формалары менен чыгышып, тиешелуу тилдерди окуп-уйронуунун азыркы замандагы зарылчылыктарын тушундурушту жана чыгыш бийлерин жана ырларын аткарып беришти (ошондой эле биздин студенттер батыш ыр жана бийлерин да жакшы аткара ала тургандыгын чон сахнада корсото алышты). Жамааттын жалпы аракети факультетте даярдалуучу "эл аралык мамилелер", "аймак таануу" жана "саясат таануу" адистиктери азыркы замандын зарыл, республикабыздын эгемендуулугунун жана анын эл аралык алкакта аракеттенуусунун негизин тузгон багыттар экендигин келген конокторго ишендире алды. Эл аралык мамилелер факультети - Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бышыктоочу адистерди даярдоонун ордосу!