2018-04-26 16:03:14 64
Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультети жана КРнын ТИМнин К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясы менен биргеликте 24-апрель күнү онлайн режиминде “Приоритеты интеграции экономики Кыргызстана в ЕАЭС” – “Кыргызстандын экономикасынын ЕАЭБдеги интеграциясынын артыкчылыктары” деген темада телекөпүрө форматында тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол КРнын ТИМги тарабынан уюштурулуп “Пикир” аймактык эксперттер клубу, “Конград Аденауэр” фонду, ОшМУнун ректораты жана эл аралык мамилелер факультетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Аталган иш-чарага КРнын ТИМнин өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын өкүлдөрү, экономистер катышышты. ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, магистранттары үчүн - профессор Жумакадыр Акенеевдин, профессор Төлөнбек Абдыровдун, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камаловдун жана башка көптөгөн докладдар окулуп, студенттер жана магистранттар арасында талкууланды. Катышуучулар өздөрүнүн ойлорун кеңири билдиришип кызыктырган суроолоруна жоопдорду алышып, абдан активдүү катышышты.