Эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Батыш Чех университетинен билимин жогорулатып келишти

2018-05-08 14:37:06 60

Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Чехиянын Пльзень шаарындагы жайгашкан Батыш Чех университетинен билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба топтоп 5-май күнү Кыргызстанга келишти. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков бүгүн аларды кабыл алып, түзүлгөн шарттар жана колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдирешкен студенттерибиздин ойлорун угуп, Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтык студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк, келечектери үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, ийгиликтерди каалап кетти. ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болуп, билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышты.