Эл аралык мамилелер факультети: Ак жол сага, бутуруучу

2014-06-09 15:50:32 72

2014-жылдын 28-майында эл аралык мамилелер факультетинде "Ак жол сага, бүтүрүүчү" аттуу бүтүрүүчүлөрдү узатуу кечеси болуп өттү. Бул кечени ачып берүү үчүн сөз факультеттин деканы,профессор А.Г.Низамиевге берилип, ал кафедра башчылары жана кураторлор менен биргеликте студенттерди куттуктап, мыкты бүтүрүүчүлорго мактоо баракчаларын тапшырды. Чакырылган ата-энелердин жана бутуруучулордун окулдоруно да соз берилди. Кече факультеттин студенттери тарабынан даярдалган концерт менен аяктады. Быйылкы жылы факультетти жалпысынан 96 студент бутуруп чыкты. Алардын ичинен "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча 47 (8 студент артыкчылык диплом менен), "аймак таануу" адистигинен 49 (8 студент артыкчылык диплом менен) студент аяктады.